• Новости

            • SAT - 2024

            • 📌Лицейибиздин 11-классынын окуучусу Киргизбаев Дилмурат SAT эл аралык сынагынан 1480 балл алды. Дилмуратты кызуу куттуктайбыз!

              📌Бул ийгилик кечээ-бүгүн гана жаралган жок. Анын көп жылдык талыкпаган аракетинин, ата-энесинин колдоосунун жана билим берген мугалимдеринин эмгегинин натыйжасы.

              📌Дилмурат чел өлкөдөгү эң мыкты жогорку окуу жайлардын биринде билим алып, келечекте мындан да зор жетишкендиктерди багындырган ийгиликтүү инсан болот деп ишенебиз!

              ✨Келечегиң кең болсун, Дилмурат!

            • IELTS - 2024

            • IELTS - 2024

              Лицейибиздин 11-классынын окуучулары IELTS тестинен мыкты көрсөткүч менен Киргизбаев Дилмурат 7.5 упай, Сыранов Алиакбар  7.0 балл алды.

              Бул ийгилик - алардын көп жылдык аракети, билимге болгон умтулуусунун жыйынтыгы. Окуучуларыбыз лицейибиздеги башкаларга үлгү боло турган, бычакка сап болор жигиттерден. Келечекте өзү каалаган чет өлкөдөгү мыкты окуу жайлардын биринде окуп, дагы далай жетишкендиктерди багындырат деп ишенебиз.

            • ЖРТ - 2023

            • Алтын сертификат ээлери.


              2022-2023-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөө сынагында алтын сертификат ээлери: Момунов Бектур - 225 балл;
              Турсунов Феруз - 224 балл.

              Облус боюнча эң жогорку балл алган окуучу:

              Насиров Айдар 217 балл.

              📌Жалпы республикалык тестирлөөдө Алтын сертификатка ээ болгон окуучулар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колунан сыйлык алып келишти.